Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:32

Кыргызстанда аутисттердин турмушун баяндаган тасма тартылат


Кыргызстанда аутизмден жабыркаган балдардын энелери тууралуу даректүү тасма тартылат. Жаш режиссер Наргиза Маматкулованын “Апа” аттуу долбоору жакында Евразия даректүү тасмалар форумунан колдоо тапты. Бул тасма форумдун каржылык көмөгү менен тартылмакчы. Аталган долбоордун алкагында дагы бир жаш режиссер Адилет Каржоевдин “Коңшулар” аттуу эмгеги да тандалып алды. Тасма акыркы жылдары өзгөрүүгө дуушар болгон айыл жашоосун чагылдырмакчы.

Бул тасмалар бир жыл ичинде тартылып, монтажы Европа өлкөлөрүнүн биринде жасалмакчы.

Адилет Каржоевдун “Азаттыкка” билдиришинче, Евразия даректүү тасмалар форумуна жыл сайын бир нече өлкөдөн режиссерлор өз сценарийлерин жиберет. Форум уюштуруучулары мыктыларын тандап алып, каржы маселесин чечип берет.

Каржоев былтыр да бул форумга катышып, белгилүү хирург Эрнест Акрамов тууралуу даректүү тасма тартуу укугуна ээ болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG