Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:43

Газадагы жалгыз электр станция иштен чыкты


Газадагы электр станция атылгандан кийинки көрүнүш. 29-июль, 2014-жыл.
Газадагы электр станция атылгандан кийинки көрүнүш. 29-июль, 2014-жыл.

Палестиналык расмий өкүлдөрдүн айтымында, израилдик танкт аткан снаряд станциянын отун бункерине тийген соң ал өчүрүлдү.

БУУнун ок атышууну токтотуу чакырыктарына карабай, Газадагы уруш бүгүн төртүнчү аптага кирүүдө.

Газадагы аскерий операцияны ХАМАСтын ракета атууларынан коргонуу деп түшүндүргөн жөөт премьер-министри Биньямин Нетаньяху кечээ өз калкына согуш “узаруусуна” даяр турууну эскерткен.

Палестиналык дарыгерлердин айтымында, Израилдин өткөн түндөн берки соккуларынан өлгөндөр арасында жаш балдар менен аялдар да бар.

Операция башталгандан бери 1100дөн ашуун палестиналыктын, көбүнесе жайкын тургундардын өмүрү кыйылып, миңдегендери жаракат алды. Израиль 53 аскерин, үч жаранын жоготту. (UE)

XS
SM
MD
LG