Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25

Еврошаркет Орусия боюнча “кара тизмесин” кеңейтүүдө


“Азаттыктын” Брюсселдеги кабарчысы маалымдагандай, Еврошаркет өлкөлөрү бүгүн “кара тизмеге” орусиялык дагы сегиз адамды, анын ичинде бизнес чөйрөсүнөн президент Путинге жакындыгы бар төрт кишини жана төрт компанияны кошууну макулдашты. Ал ысымдар коомчулукка эртең жарыяланат деп күтүлүүдө.

28 мамлекеттин дипломаттары Брюсселде бүгүн Орусиянын каржы, энергия жана коргонуу секторлорун бутага алган санкцияларды да макулдашары күтүлүүдө.

Орусияга каршы санкциялардын жаңы айлампасы Украинанын орусиячыл жикчилер көзөмөлдөгөн аймагында малазиялык жүргүнчү учак атып түшүрүлгөндөн соң кабыл алынууда.

Еврошаркет “кара тизмеге” буга чейин 87 адамды, Орусиядан жана Украинанын жикчилер көзөмөлдөгөн аймагынан 20 компанияны киргизген. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG