Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:56

Еврошаркет Орусияга каршы санкциясын кеңейтүүнү макулдашты


Дипломаттар маалымдагандай, жаңы санкциялар орусиялык банктардын каржы базарына кирүүсүн, өлкө Европадан курал жана кош максаттагы товарларды сатып алышын чектейт. Аты жашыруун калгысы келген дипломат жаңы санкцияларды “абдан олуттуу” деп мүнөздөдү.

Еврошаркет өлкөлөрү бүгүн ошондой эле “кара тизмеге” орусиялык дагы сегиз адамды, анын ичинде бизнес чөйрөсүнөн президент Путинге жакындыгы бар төрт кишини жана төрт компанияны кошууну да макулдашты. Ал ысымдар коомчулукка 30-июлда жарыяланат деп күтүлүүдө.

Орусияга каршы санкциялардын жаңы айлампасы Украинанын орусиячыл жикчилер көзөмөлдөгөн аймагында малазиялык жүргүнчү учак атып түшүрүлгөндөн соң кабыл алынууда.

Еврошаркет “кара тизмесине” буга чейин 87 адамды, Орусиядан жана Украинанын жикчилер көзөмөлдөгөн аймагынан 20 компанияны киргизген. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG