Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:36

Уйгурлар конгресси Шиңжаңдагы окуяга тынчсыздануусун билдирди


Кытай өкмөтү “террордук кол салуу” деп атаган кагылышта мерт кеткендердин көпчүлүгү жайкын тургундар экени айтылып жатат.

Окуя 29-июль күнү эртең менен Кашкардын Саче округунда болгон. Мамлекеттик агенттиктер полиция бекетине жана өкмөттүк кеңселерге бычак менен куралдангандар кол салганын жазган. Ошол эле учурда уйгурлардын Мүнхенде жайгашкан дүйнөлүк конгресси демонстранттар менен полиция кагылышканын, андан 20 уйгур жана 13 тартип сакчысы каза тапканын маалымдады. 10 адам жараат алып, 67си камалды. Конгресстин билдирүүсүнө ылайык, уйгур тектүү жарандар бийликтин аларды кысымга алуусуна каршы нааразылыкка чыккан болчу.

Бир топ жылдан бери Шиңжаң уйгур автономиялык районунда мусулмандар дискриминацияга каршы акцияларга чыгып, эгемендүү Чыгыш Түркстан мамлекетин түптөгөнгө аракет кылышат. Кытай бийлиги муну жикчилердин террордук кадамы катары баалап келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG