Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Москвада бүгүн “хизбутчу” деп айыпталгандардын үстүнөн сот өкүмү чыгат


Соттолуучулар Азизбек Иномов, Шамил Исмаилов, Сайфулла Курбанов жана Зикруллахан Рахманхужаев конституциялык түзүмдү зомбулук менен өзгөртүүгө, бийликти басып алууга аракеттенген деп айыпталууда. Алар Орусиянын жана Тажикстандын жарандары.

Тергөө маалыматтарына ылайык, төрт жаран Москва аймагында жашыруун топторду түзүп, курал менен камсыздаган.

Айыпталуучулар “Хизб-ут Тахрир” уюмуна мүчө экенин мойнуна алган, бирок бийликти басып алуу максаттары жок экенин айтышкан.

2012-жылы да Москвада ондогон кишилер “хизбутчу” деген шек менен камалып, кийинчерээк күнөөсү далилденбей бошотулган.

XS
SM
MD
LG