Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:40

Сосновкада май ташыган отуз чакты автоунаа кармалып турат


Сосновкадагы салмактык көзөмөл пунктунда күйүүчү жана майлоочу май ташыган 30 чакты автоунаа бир жумадан бери кармалып турат. Жүктөлгөн күйүүчү майдын көлөмү жалпысынан миң тоннага жакын. Бул тууралуу айдоочулардын бири Алмаз Казакбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында тоскоолдук жүктүн ашык салмакта болушу менен түшүндүрүлүүдө. "Акча бергендер өтүп, калгандары бир нече күндөн бери кармалып турушат" деди Казакбаев.

Сосновкада май ташыган автоунаалар өткөрүлбөй жатканын Нефтетрейдерлер бирикмесинин аткаруучу директору Улан Кулов да тастыктады. Анын айтымында түштүк аймактарда дизелдик отундун запасы 5 күнгө жеткидей гана калды, ошондуктан, салмактык ченди 48 тоннага көтөрүү боюнча өкмөткө сунуш киргизилди. Өкмөт салмагы 44 тоннадан ашык май ташыган автоунааларга жолдо жүрүүгө былтыр тыюу салган. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG