Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:03

Учурда Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында жаткан Жогорку Кеңештин депутаты, Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин ишин Бишкек шаардык соту эки аптадан кийин карайт. Буга мэриянын айыпталып жаткан кызматкерлеринин биринин ооруп калышы себеп болду. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди. Экс-мэрдин кылмыш ишине байланышкан соттук териштирүү ушуну менен 24 жолу башка учурга которулду.

"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Нариман Түлеев 2012-жылы августта “мэр болуп иштеген кезде мамлекеттик бюджетке зыян келтирген” деген айып менен камалган. Былтыр жайында Бишкектин Ленин райондук соту аны 11 жылга кескен. Бирок депутат ага макул болбой, шаардык сотко арызданган. Түлеев өзүнүн күнөөсүз экенин айтып келет. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG