Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:06

Эксперттер учак кулаган жерге бүгүн да барышкан жок


Эл аралык эксперттер бүгүн да Украинанын чыгышындагы малайзиялык учак кулаган жерге бара алышкан жок. Бул аймактагы украиналык күчтөр менен орусиячыл жикчилердин ортосундагы уруш күчөп кеткенине байланыштуу болду. Тергөөчүлөрдүн айтымында, аймактагы кырдаал курчуп, иликтөө иштерин жүргүзүүгө кооптуу болууда.

Голландиялык жана австралиялык адистерден турган тергөөчүлөрдүн учак кыйраган жерге баруудагы максаты - ал кантип кулаганын билүү үчүн сыныктарды текшерүү. Тергөөчүлөр ошондой эле курман болгон 298 жүргүнчүнүн ошол жерде калышы мүмкүн делген сөөктөрүн жана жеке буюмдарын да чогултушу керек. Бирок кыйроодон бери 13 күн өтсө да, ЕККУ эксперттери учак кыйраган аймакты кыска убакытта бир карап кеткенин эске албаганда, тергөөчүлөр менен башка адистер кире албай турушат.

Ал ортодо Украина өкмөтүнүн өкүлү Андрей Лысенко жикчилер учак кулаган жолго миналарды жашырганын айтып, мындай шартта эл аралык адистердин иштеши мүмкүн эместигин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG