Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

КТРК Кубат Оторбаевди кызматтан узатты


Кубат Оторбаев
Кубат Оторбаев

Кубат Оторбаев КТРКнын директорлук кызматын расмий өткөрүп берди. Ага арналган расмий жыйында кесиптештери директордун төрт жылда жасаган иштерин жогору баалап, чепкен жаап, калпак кийгизишти. Оторбаев КТРКнын жамааты менен коштошуп жатып бул фактыны келтирди:

- Биз иштедик, биз өстүк. КТРК чабал корпорациядан өз алдынча акча иштеп таба ала турган, атаандаштыкка туруштук берчү ири компанияга айланды. Мен келгенде КТРКнын миллиондогон карыздары бар эле. 2009-жылы шайлоодо болгону 39 млн. пайда тапкан. А биз быйыл өз күчүбүз менен 118 млн. сом иштеп таптык, .

Кубат Оторбаевдин 1-августтан баштап кызматынан өз каалоосу менен кетүү жөнүндөгү арызын КТРКнын байкоочу кеңеши 24-июлда канааттандырып, ордуна Султан Жумагуловду убактылуу бекиткен.

Мыйзам боюнча КТРКнын жетекчисин Байкоочу Кеңеш төрт жылдык мөөнөт менен шайлайт. Кубат Оторбаев Коомдук каналдын директорлугуна 2010-жылы Апрель ыңкылабынан соң дайындалган. Ага чейин "Азаттык медиа" мекемесин жетектеп келген. (UEz)

XS
SM
MD
LG