Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

Израил ок атууну 4 саатка токтотууга даяр


Израил армиясы Газа тилкесинде 4 саатка ок атууну токтотоорун жарыялады. Аскерлердин айтымында, гуманитардык максаттагы тыныгуу жергиликтүү убакыт боюнча бүгүн 15де күчүнө кирет. Ошондой эле алар жай тургундарга уруш болуп жаткан аймакка кирбешин эскертти.


Буга чейин Газадагы Палестин топтору 24 саатка ок атышууну токтотууга даяр экенин билдирип чыгышкан.

Палестиналык өкүлдөр билдиргендей, бүгүнкү Израил армиясынын аткылоосунан Газа тилкесинде ондогон адамдар набыт болушту. Палестиндик дарыгерлер набыт болгондордун арасында БУУнун көмөгү менен салынган мектеп имаратында жашырынган 16 адам бар деп жатышат.

Төртүнчү аптага аяк басканы жаткан Израил менен ХАМАС уюмунун салгылашында ажал тапкан палестиндиктердин саны 1 284 адамга жетти. Израил 53 аскерин жана үч жаранын жоготкону кабарланууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG