Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

Орусия санкциялар боюнча жооп кайтарды


Орусия АКШ жана Еврошаркеттин жаңы санкциялары тууралуу билдирүү таратты. Орус тышкы иштер министрлиги бүгүн тараткан билдирүүдө АКШнын жаңы санкцияларын “келечексиз” деп атап, эки өлкөнүн мамилесин дагы начарлатарын эскертти. Ошондой эле билдирүүдө санкциялар бир гана максатты көздөөрү, ал Москванын өз алдынча саясат жүргүзгөнү үчүн өч алуу экени айтылган.

Ал эми Орусиянын Еврошаркеттеги өкүлү Владимир Чижов жаңы санкциялар Украинадагы кризисти чечүүгө жардам бербей турганын айтып чыкты. “Кара тизмеге” киргизилген Орусиянын Борбордук банкы менен Внешторгбанк бул чечимди адилетсиз деп атап, өз ишин жөндөө үчүн “адекваттуу чараларды” кабыл алаарын жарыя калды.

Кечээ Европа Биримдиги жана АКШ Орусия Украинанын чыгышындагы жикчилерди колдогону үчүн жаңы санкцияларды киргизген.

Ага ылайык, орусиялык банктардын каржы базарына кирүүсү, Европадан курал жана товарларды сатып алышын чектелет.

XS
SM
MD
LG