Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Газада мектеп жана базардагы аткылоолор дагы ондогон адамдын өмүрүн кыйды


Шаршемби күнү БУУнун качкындар лагеринин мектебине жана Газа четиндеги базарга урулган соккудан 30дан ашуун адам апаат болду. Жүздөгөн кишилер жараат алды. Алардын баары жайкын тургундар экени кабарланды. Качкындар лагеринде аймакта жүрүп жаткан согуштан улам үч миңден ашуун палестиналык жан сактап отурган болчу.

Бириккен улуттар уюму жана АКШ бийлиги жөнөкөй тургундарды кыргынга салган окуяны чукул талкууга алды.

Израил аскерлери качкындар лагерин аткылоо ушул аймактан атылган минометтук соккуларга жооп экенин билдирди.

Израил өкмөтү кечээ ХАМАС менен ок атышууларды төрт саатка токтото туруу боюнча келишилгенден соң үч аскери өлтүрүлгөнүн айтып жатат. Жөөт армиясы аткылоолор токтотулбай турганын эскертти. Газа тилкесин көзөмөлдөп жаткан ХАМАС радикал уюму да гуманитардык келишимдер пайдасыз экенин айтты.

8-июлдан бери уланып жаткан салгылашууда мерт кеткен палестиналыктардын саны 1300дөн ашты. Израил 56 аскерин жана 3 жөнөкөй тургунун жоготту. (SE)

XS
SM
MD
LG