Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:34

Нигериядагы жардыруу 6 студенттин өмүрүн кыйды


Шаршемби күнү өлкө чыгышындагы Кано шаарында политехникалык коллеждин алдында уюштурулган жардыруудан 6 өмүр кыйылып, дагы алтоо жараат алды. Жанкечти аял жайкы жумуштар бөлүштүрүлгөн жадыбал менен таанышууга топтолгон студенттердин арасына барып, өзүн жардырып жиберди.

Мамлекеттин экинчи ири калаасы аталган Кано шаарында өткөн жума соңунан бери мындай окуя төртүнчү ирет катталууда.

Шейшемби күнү коңшу Кацина аймагында “Боко-Харам” исламчыл экстремисттик тобуна мүчө деген шек менен 3 киши кармалган. Алардын бири жигит, бири бойго жеткен аял, дагы бири 10 жаштагы кыз болгон. Алар баары белине жардыргыч кур байлап алышканын жергиликтүү полиция маалымдаган.

Нигерияда “Боко-Харам” тобунун өкүлдөрү 2009-жылдан бери бийлик менен куралдуу күрөш жүргүзүп келет. (SE)

XS
SM
MD
LG