Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:53

Москвада “хизбутчу” деп айыпталган төрт адам 11 жылга кесилди


Конституциялык түзүмдү зомбулук менен өзгөртүүгө, бийликти басып алууга аракеттенген деп айыпталган Азизбек Иномов, Шамил Исмаилов, Сайфулла Курбанов жана Зикруллахан Рахманхужаевдин үстүнөн шаршембиде сот өкүмү чыкты. Москва соту аларды 7 жылдан 11 жылга чейин эркинен ажыратты. “Хизбутчу” деп айыпталган төрт киши Орусиянын жана Тажикстандын жарандары.

Тергөө маалыматтарына ылайык, алар Москва аймагында жашыруун топторду түзүп, кылтакка илингендерди курал менен камсыздаган жана террордук актыларды уюштуруп жүргөн.

Буга чейин да Москвада Орусиянын жана Тажикстандын 18 атуулу “хизбутчу” деген шек менен камалган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG