Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:32

Абдылдаев менен Лавров Бажы биримдиги маселесин талкуулады


Орусиянын тышкы иштер министи Сергей Лавров менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 30-июль күнү Душанбе шаарында жолугуп, эки тараптуу мамилелерди талкуулады. Жолугушуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алкагында болду.

Эки министр негизинен Шанхай кызматташтык уюму жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагындагы мындан аркы өз ара алака жана Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине байланыштуу маселелерди сүйлөштү.

Андан сырткары саясий мамилени жана маданий-гуманитардык, аскерий-техникалык алака-катышты бекемдөө боюнча пикир алмашты. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы сүйлөшүүлөрдүн толук жыйынтыгы кийинчерек маалымдаларын билдирди. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG