Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

Жеке ишкер тез жардам борборуна автоунаа белек кылды


Бишкектеги тез жардам станциясына “Имарат строй” курулуш компаниясынын жетекчиси Бейшен Иманалиев “Мерседес бенц” үлгүсүндөгү кичи автобусту белек кылды. Жеке ишкердин мындай марттыгына “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндөгү тез жардам автоунааларга муктаждыгы тууралуу сюжет себеп болгон.

Тез жардам станциясынын баш дарыгери Жаркынбек Касымбеков мындай жардам жеке адамдар тарабынан биринчи жолу болуп жатканын айтат.

- Бизге жеке адамдар тарабынан биринчи жолу ушундай жардам болду. Биз абдан кубанып жатабыз. Анткени бизде автоунаа жетишпейт. Ушундай жакшы саамалыкка себепчи болгон "Азаттыкка" жана анын кабарчысы Айзада Касмалиевага ыраазычылык билдиребиз, - деди баш дарыгер.

Учурда Бишкек тургундарын болгону 35 гана тез жардам унаасы тейлейт. 1,5 миллионго жакын шаардыктарды тез жардам менен какмсыз кылуу үчүн дагы 80 унаа талап кылынат. (UEz)

XS
SM
MD
LG