Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:15

Сечин Казакстанда кармалган май боюнча казак бийлигине кайрылды


“Роснефть” мунай компаниясынын президенти Игорь Сечин Казакстанда 3 айдан бери кармалып турган күйүүчү май боюнча казак өкмөт башчысы Карим Масимовго кайрылуу жолдоду. Анда Казакстан аркылуу Кыргызстанга ташылып келаткан мунайдын Жамбыл облусунда мыйзамсыз кармалып турганын билдирген. "Роснефттин" жетекчисинин маалыматы боюнча, аталган компания буга чейин да казак күч органдарына кайрылып, бирок тиешелүү жооп алган эмес. Мындан улам Сечин казак өкмөт башчысын бул маселени өз көзөмөлүнө алып, тезинен чечүүнү суранды.

Орусиядан Казакстан аркылуу Кыргызстанга ташылып келаткан 500гө жакын вагон күйүүчү май “Луговое” темир жол станциясында 18-апрелден бери кармалып турат. Казакстандын бажысы 26 миң тоннага жакын күйүүчү майдын документи толук эмес деген жүйө менен кармоодо.

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер бирикмеси бул маселе боюнча кыргыз жана казак өкмөтүнө бир нече жолу кайрылган. Бул тууралуу казак өкмөт башчысы Карим Масимовдун Бишкекке сапарында жана Чолпон-Атада өткөн кыргыз-казак өкмөттөр аралык жолугушуусунда көтөрүлгөн. Бирок маселе чечилбей келет. Нефтедрейлер бирикмеси Казакстанда 30 миң тоннага жакын күйүүчү майдын кармалышы өлкөдө бензин, дизелдик отундун кымбатташынын бир себеби экенин айтып чыгышкан. (BKa/UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG