Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:13

Бишкек шаар кеңеши айдоочулардын талабын азырынча карабайт


Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов жол киренин акысын жогорулатуу маселеси каралбай тургандыгын билдирди. Анын айтымында, эл ташыган жеке фирмалардын талаптары жакын арада каралбайт.

Аманкулов жеке фирмалар алгач алдына койгон талаптарды так аткарышы керектигин белгиледи:

- Жеке фирмалар эл ташууга уруксат алып жатканда көптөгөн милдеттенмелерди алышкан. Биринчи кезекте алар транспортторун жүргүнчүлөрдүн талаптарына шайкеш келтириши керек. Балдарды 5 сомдон ташышы керек эле. Учурда бул талаптардын баары так аткарылбай келет.

Маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени 15-20 сомго көтөрүү талабы менен 27-28-июлда жапырт иш ташташкан. Жол кире акысы акыркы жоллу 2012-жылдын 1-майынан тарта 8 сомдон 10 сомго жогорулатылган. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG