Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Италия соту Аблязовдун аялын Казакстанга өткөрүүнү мыйзамсыз деп тапты


Италиянын Жогорку кассациялык соту казакстандык олигарх Мухтар Аблязовдун жубайы менен кызын Казакстанга мыйзамсыз өткөрүлгөн деп тапты. Аблязовдун жубайы Алма Шалабаева жана 6 жаштагы кызы Алуа былтыр май айында Италиядагы аэропорттон кармалып, Казакстанга мажбурлап жөнөтүлгөн. Бул окуя Италияда нааразылыктар менен коштолгон.

Италия өкмөтү кайрылгандан улам жана терс сөздөрдөн кийин казак бийлиги былтыр декабрда Шалабаеванын тышка чыгуусуна уруксат берген. Андан соң алар Италияга кайтып барышып, качкын макамын алган.

Казакстандын бир кездеги чоң банктарынын бири - БТА банкынын мурдагы башчысы Мухтар Аблязов өзү ушу тапта Францияда абакта отурат. Аны чоң суммада акча уурдаган жана финансылык көз боёмочулук кылган деп айыпташып, Орусия менен Украина Франциядан өткөрүп алууга аракет кылууда.

XS
SM
MD
LG