Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:09

Израил Газадагы аскердик операциясын кеңейтет


Бул өлкөнүн Коргоо министрлиги Газа тилкесинде палестиналык ХАМАС кыймылына каршы аскердик операция үчүн дагы 16 миң адамды аскерге чакырганын кабарлады. Мындай жол менен операцияга катышкан Израил аскерлеринин саны 86 миңге жакындады. Төрт аптага аяк баскан уруштан 1300гө жакын палестиналык набыт кетти. Израил болсо 56 аскерин жана үч жайкын тургуну каза болгонун кабарлоодо.

Кечээ Израил армиясынын аткылоосунан Газа тилкесинде кеминде 100 палестин жараны ажал тапты. Алардын арасында БУУнун көмөгү менен салынган мектеп имаратында жашырынган 16 адам да бар экени белгилүү болду.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун мектепке соккуну айыптап, бул аракет эч кадай актанууга жатпайт деп билдирди. Бул окуяны АКШнын Мамлекеттик департаменти да сындады. Израил армиясы болсо каршы тараптын минометтук чабуулуна жооп кайтарганбыз деген жүйөнү келтирүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG