Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Дүйшөмбүдө ШКУнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтүүдө


Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө жыйынга чогулду. Тажик президенти Эмомали Рахмон министрлерди кабыл алып жатып, бул уюм аймактагы коопсуздук, туруктуулукту камсыздоо жана кызматташуу үчүн кенен мүмкүнчүлүккө ээ экенин билдирди.

Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Тажикстан, Орусия жана Өзбекстандын башкы дипломаттары жыйында аймактагы терроризм, сепаратизм жана мыйзамсыз маңзат жүгүртүүгө каршы күрөштү күчөтүү жолдорун талкууламакчы. Ошондой эле буга чейин бул уюмга кирүү ниетин билдирген Ооганстандагы кырдаал боюнча да сөз болот.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Дүйшөмбүдө 11-12-сентябрда өтчү ШКУга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин саммитинде Украина кризисине көңүл бурулаарын билдирген.

XS
SM
MD
LG