Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

ЕККУ эксперттери "Боинг" кулаган жерге барышты


Австралиялык, голландиялык адистер жана ЕККУнун эксперттери Украинанын чыгышындагы малайзиялык учак кулаган жерге барышты. Бул тууралуу уюмдун Твиттердеги баракчасы жазып чыкты.

Билдирүүдө “тергөөчүлөр алгач жолу учак кулаган жерге барышты. Жаңы маршрут колдондук” деп айтылат.

Учактын кыйроо себептерин иликтеген эл аралык эксперттер төрт күндөн бери учак кулаган аймакка бара албай жатышкан. Буга аталган аймактагы өкмөттүк күчтөр менен жикчилердин салгылашы себеп болууда. Бүгүн Австралиянын тышкы иштер министри Жулия Бишоп Малайзиянын учагы кыйраган жерде дагы 80ге жакын жүргүнчүнүн сөөгү калганын айтып чыккан.

17-июлда Украинанын чыгышындагы Донецк облусунун аймагында 298 кишиси менен малайзиялык “Боинг 777” учагы атып түшүрүлгөн. Эл аралык коомчулук аны аймакка көзөмөлдүк кылган орусиячыл жикчилдер атып түшүрдү деп шектенип жатышат. Орусия жана жикчилер мындай айыптоону жокко чыгарып келишет.

XS
SM
MD
LG