Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:38

Грузия Саакашвилинин иши адилет тергелерин айтты


Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили экс-президент Михаил Саакашвилиге каршы козголгон кылмыш “объективдүү жана адилет” тергелерин убада кылды. Гарибашвили бул тууралуу Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштон тынчсыздануусун билдирген соң айтты.

Өткөн аптада Грузиянын прокуратурасы мурдагы президенти Михаил Саакашвилиге каршы кылмыш ишин ачкан. Анда Саакашвили 2007-жылы ноябрда Тбилисидеги антиөкмөттүк демонстрацияны күч менен таратып, “Имеди” телестанциясын “басып алып”, кызматын кыянаттык менен пайдаланган деген күнөө тагылган. Саакашвили бул айыптарды четке кагууда. Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти жана төрт сенатор козголгон кылмыш ишке кабатырлыгын билдирген.

Михаил Саакашвили Грузияны 2004-2013-жылдары башкарган. Былтыр экинчи мөөнөтү аяктаган соң Грусияны таштап, АКШга кеткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG