Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Орусия Үркүндү изилдөөгө куштарбы?


Үркүн курмандыктарына арналган эстелик. Боом капчыгайы, 25-август, 2006
Үркүн курмандыктарына арналган эстелик. Боом капчыгайы, 25-август, 2006

Кыргызстандагы казак-орустар кошууну Үркүндүн тарыхын кайрадан жазып чыга турган болууда.

Орусиянын Горчаков фонду Беловодскидеги “Жети-Суу казактарынын кошууну” коомдук бирикмесинин “1916-жылдагы тарыхый фактыларды калыбына келтирүү” долбоорун каржылоого грант бөлдү. Үркүндү изилдеген тарыхчылар муну кылмышкерге ишти тергеткенге тете мисал катары карашууда. Алардын айтымында, кыргыз элинин улуттук-боштондук кыймылынын чыгышына өбөлгө түзгөн жана аны мыкаачылык менен баскан казак-орустар кошуунунун азыркы мураскерлери Үркүндүн тарыхына кол тийгизүүгө укугу жок.

Актообу же актануубу?

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин алдында түзүлгөн элдик дипломатияны колдоо боюнча Горчаков фонду 2015-жылдын биринчи жарымындагы долбоорлорду каржылоонун жыйынтыгын чыгарды. Анын расмий сайтында (www.gorchakov.ru) Орто Азиядан жалгыз Кыргызстандын Беловодск айылындагы “Жети-Суу казак-орустар кошууну” коомдук бирикмесинин долбоору колдоого ээ болгону жарыяланган. Бул долбоор 1916-жылкы кандуу окуянын жүз жылдыгына карата тарыхый фактыларды кайрадан карап чыгууну көздөйт. Аталган казак-орустар кошуунунун демилгеси да тегин жерден тандалган эмес. Анткени кандуу калаба алгач Беловодск – Ак-Суу аймагында башталган.

Үркүндү изилдөөчү Памирбек Казыбаев бул долбоорду Орус падышачылыгынын кандуу саясатын актоого жасалган аракет катары баалады:

- Бул долбоорго каражатты Орусия берип жатса, анан аны аткара турган казак-орустар болсо, анан албетте анын максаты түшүнүктүү. Алар 1916-жыл улуттук-боштондук кыймылды басуу деген бизде буга чейин кабыл алынган түшүнүктү жокко чыгарууга аракет жасашы мүмкүн. Мында Орус падышачылыгынын жазалоочу отряддарынын жана андагы казак-орустардын кылыктарын актоого багытталган иш-чара болот го. Анткени эгерде калыс тарыхый баа берүү максаты болсо ал сынак ачык өткөрүлмөк эле да.

Казак-орустар тарыхый чындыкты кайдан издейт?

1916-жылдагы окуяны кеңири изилдөөгө совет доорунда мүмкүнчүлүк берилген эмес. Анткени анын бардыгын ачыкка чыгаруу советтик улут саясатына каршы келери эскертилип турган. Ошондуктан Үркүнгө байланыштуу бир топ тарыхый фактылар архивдерде катылып жатып, Кыргызстан эгемендик алган соң гана ачыкка чыга баштаган. Бирок мына ошол эгемендик жылдары ачыкка чыккан тарыхый эмгектерди Кыргызстанда кайрадан жанданган казак-орустар кыймылдары бурмаланган деп эсептейт.

Ошондуктан Беловодскидеги Жети-Суу казактарынын атаманы Геннадий Баженов Октябрь ыңкылабына чейинки архивдерди көтөрүү менен бурмаланган тарыхый фактыларды калыбына келтирүү демилгеси көтөрүлгөнүнө токтолду:

- Адамдарга кимге кандай ыңгайлуу эмес, чыныгы тарыхты көрсөтүш керек. Азыркы учурда тарыхты кандай жагы туура келсе ошондой кылып кыйшайтып, бурмалап жатышат. Ошондуктан окуя кандай болсо ошону көрсөтүшүбүз керек. Ыңкылапка чейин жазылган адабияттар бар. Ошол кездеги окуянын күбөлөрүнүн каттары бар. Азыр АКШ дүйнөгө өз талабын коюп жаткан сыяктуу Улуу Британия ошол учурда Түркияга, Европага таасир этип, согуш отун тутандырып турган. Мында болсо байлар Орусияга каршы көтөрүлүп, канчалаган орустар өлтүрүлгөн. Ошондуктан абал оорлоп, падыша Николай II дүйнөлүк биринчи согуш жүрүп жаткан Батыш фронтунан бул жакка эки полкту которууга аргасыз болгон.

Орус падышачылыгынын Кыргызстандагы мыкчыгерлери 1917-жылга чейинки расмий отчетторунда Үркүндүн чыгышын чет элдик тыңчылардын жергиликтүү элди козуткан кутуму деп көрсөтүшкөн. Анын себеби аймактагы диний-пантүркисттик идея менен байланыштырылган.

Кыргыз улуттук университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Токторбек Өмүрбеков казак-орустар кошууну азыркы учурда ошол кезде ойдон токулган уездик документтерге таянып, бүтүм чыгарууга жандалбастап жатканын айтты:

- Анан алар өздөрүнүн кандуу кылмышын акташ үчүн капкаяктагы шылтоолорду ойлоп табышкан. Мисалы ошол кезде Түркиянын тыңчылары келип, диний ажырымды күчөтүп, элди орустарга каршы козуткан деген билдирүүлөр болгон. Пантүркизм менен ислам азыркыга чейин сиңбеген кыргыздар кантип анан ошол идеянын арты менен орус падышачылыгына каршы чыксын? Бул жалаа болгон. Уезддердин башчылары ошол мезгилде согуш жүрүп жаткандыктан Германия Түркия аркылуу кийлигишип, элди козутту дешкен. Анан эми азыр Германия дей алышпай, Англия дегенге өтүп алышкан турбайбы. Мунун бардыгы бурмалоо.

Эски жараны чукугусу келгендер

Ошол эле учурда Кыргызстандагы Үркүндү изилдеген тарыхчылар бул окуяны кайрадан изилдеп чыгып, тарыхый баа берүүгө Жети-Суу казактар кошуунунун моралдык укугу жок деп санашат. Анткени 1916-жылы падышалык Орусиянын жазалоочу отряддарынын өзөгүн түзгөн казак-орустар кошуунунун атын алып, кыймылды кайра жандандырган уюмдун окуяга калыс баа бериши мүмкүн эмес дешет алар.

Тарыхчы-илимпоз Токторбек Өмүрбеков казак-орустар кыймылынын Үркүндөгү ролу туурасында мына буларга токтолду:

- Биринчи бул жерге казак-орустар келишкен. Алардын ар бирине жергиликтүү калктын макулдугун сурабай туруп эле 36 гектардан жер берилген. Алар салыктан бошотулган. Жарым аскердик абалда Падыша бийлигинин тирөөчү катары кызмат кылышкан. Анан жергиликтүү калкка камчы үйрүп, жергиликтүү элди каалагандай калчап турган. Уруштун себеби мына ошол эзүүдөн чыккан. Анан эми ошолордун укум-тукумдары “тарых андай эмес, мындай болгон” деп бизге оюн таңуулаганы чыккан тура. Буга чейин кыргыз тарыхчылары курч жагдайдалрды атайылап айтчу эмес. Анан эми казак-орустар өздөрү тескерисинче жүз жылдан кийин кайра ал идеясын жанданта баштаган тура. Бул эски салтты улоонун көрүнүшү. Мындайга жол бербөө керек. Азыркы орус бийлиги аларды каржылап колдогондун ордуна “койгула, жараны чукубагыла, тынч жашагыла” деш керек болчу.

Үркүндү кайрадан изилдөө үчүн “Жети-Суу казактарынын кошууну” коомдук бирикмеси Алматыдагы, Ташкендеги жана Санкт-Петербургдагы тарыхый архивдерди салыштырып, талдап терең изилдөөдөн кийин гана жыйынтык чыгара турганын билдирди. Аталган долбоорду ишке ашырууга жергиликтүү тарыхчылардын катышаары азырынча белгисиз. Ошондой эле аны каржылоонун өлчөмү тууралуу маалыматтар да жеткиликтүү эмес.

1916-жылы падышалык Орусиянын колонизатордук саясатына каршы чыккан кыргыздардын көтөрүлүшү ырайымсыздык менен басылган. Көптөгөн жазыксыз адамдар орус аскерлеринин колуна ажал тапкан, Түндүк Кыргызстандагы кыргыздар жөө жалаңдап Кытайга качкан, он миндеген адамдар жолдо ач бел, куу жолдо ачкачылыктан, оорудан, сууктан кырылган.

Айрым кыргыз тарыхчылары 1916-жылы 150 миңдин айланасында кыргыз кыргынга учураган деген салыштырма божомолду айтып жүрүшөт. Бирок аны толук тастыктай турган документалдуу далилдер азырынча табыла элек. Бирок 1913-жылдагы эл каттоодо Түркстан крайындагы кыргыздардын саны 1 миллион 282 миңди түзгөн. Мына ошол үркүндөн качып-бозуп кеткен элдин көпчүлүгү Кытайдан мекенине кайткандан кийин жүргүзүлгөн - 1924-жылкы эл каттоодо кыргыздардын саны 860 миңге чейин түшүп кеткен. Тарыхычылардын бир даары мына ошондон демографиялык жоготуу канчага турганын боолголосо болот дешет.

XS
SM
MD
LG