Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Шиңжаңда уйгур тектүү имам өлтүрүлдү


Кытайдын Шиңжаң Уйгур автоном районундагы Кашгар шаарында Ид Ках мечитинин имамы - Жума Тахрирди өлтүрүп кетишти. Ал 30-июль күнү өзү иштеген мечиттин жанында киши колдуу болгонун бейшембиде Кытай маалымат каражаттары жазып чыкты. Бирок окуянын чоо-жайы толук кабарлана элек. Маркум көбүрөөк Кытай бийлигин колдоп, насаат жүргүзүп келгени айтылып жатат.

Имамдын өлүмү Кашгардын Саче округунда уйгур тектүү жарандар менен полиция кагылышып, ондогон адам каза тапкан окуядан бир күндөн соң болду. (SE)

XS
SM
MD
LG