Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:17

Мечит имамы чолок шымга байланыштуу билдирүү таратты


Ушул жылдын 11-июлунда жума намазы учурунда чолок шымдын айынан чыккан ызы-чуу тууралуу Оштогу "Роббани" мечитинин имамы билдирүү таратты. Акматов чолок шым кийип намазга келген Жыргал Абдимомун уулунун мечит дааратканасында токмоктолгонун тастыктады. Ал чолок шымдын айынан болгон окуя жаштар арасында өз ара келишпестиктен улам мушташка чейин жеткенин айтып, Жыргалды токмоктогон Бекдөөлөттүн аракетин сынга алды. Имам бул окуяга улуттар аралык түс берүүгө болбостугун кошумчалады.

Имамдын ишендиришинче мечитте токмоктолгон Жыргал Абдимомун уулу дин кызматкерлери сунуштаган акчалай жардамды алуудан баш тарткан. Учурда чатакташкан эки тарап өз ара элдешти.

11-июлда Ош шаарынын 19 жаштагы тургуну Жыргалбек Абдимомун уулу шаардагы "Роббани" мечитине жума намазын окууга чолок шымчан намазга келгени үчүн Бекдөөлөт аттуу жарандан токмок жеген болчу. Таяк жеген Жыргал ошол күнү Ош облустар аралык клиникасына жаткырылып, көк боорунан айрылган. (YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG