Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Жарандык активисттер заманбап сүрөтчүлөргө нааразы


Бир катар жарандык активисттер башкалаада уюштурулган заманбап сүрөтчүлөрдүн сүрөт көргөзмөсүнө каршы маданият министрине кайрылуу жолдошту. Кайрылууда 31-июлда “Цех” өнөрканасындагы көргөзмөгө коюлган сүрөттөр “кыргыз улутунун баалуулуктарына каршы келип, кыргыздарды мазактоого жатат” деп жазылат.

Аталган көргөзмөгө байланыштуу интернеттеги социалдык тармактарда да кызуу талкуулар болуп, аталган сүрөтчүлөрдүн чыгармаларын өрттөөгө чакыргандар да болгон. Бул тууралуу “Эркин эл” саясый паритиясынын лидери Мавлян Аскарбеков билдирди. Анын айтымында, тиешелүү органдар бул көргөзмөгө каршы чара колдонбосо, айрым кызуу кандуу жаштар радикалдуу жолдорго барышы мүмкун.

31-июлдагы сүрөт көргөзмөсүндө өздөрүн заманбап искусствонун өкүлдөрү деп тааныштырган Евгений Черви Макшаков, Тарас Пиз, “Батальон имени Семена Чуйкова”, Докса арт тобу жана Кристина Глазунова өңдүү авторлор өз чыгармаларын коюшкан. Көргөзмөдө калпакка жөргөмүштүн бастырылышы, элечек кийген энеге куралдын карматылышы сыяктуу чыгармалар коомчулуктун катуу сынына кабылды. Авторлор мындай сындарды четке кагып, сүрөттөр коомдогу ар кандай көрүнүштөрдүн искусствонун заманбап тили менен чагылдырылганын жүйө кармашууда. (UEz)

XS
SM
MD
LG