Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

Тайванда газ жарылып, 24 адам жайран болду


Тайвандын түштүгүндөгү Гаосюн шаарындагы бир катар газ жардырууларынан кеминде 24 адам өлдү, 270тен ашуун адам жарадар болду. Өлгөндөрдүн арасында беш өрт өчүрүүчү да бар экени маалымдалды. Авария болгон аймакка миңдеген куткаруучулар жана солдаттар тартылды.

Премьер-министр Цзян Ихуанын айтышынча, өткөн түнү бери дегенде беш жардыруу болгон. Маалыматтарда газ кууру жарылганы айтылат. Кырсык имараттарга жана жолдорго чоң зыян келтирди. Мектеп окуучулары коопсуз жайларга чыгарылды. Он миңдеген үй-бүлөлөр электр жарыгы жок жана газсыз калышты.

Гаосюн шаарынын мэри Чен Чу айым 1-августта "Биз азыр бардык жарандарды аман-эсен эвакуациялап алаганга аракет кылуудабыз,” - деп кабарчыларга билдирди.

XS
SM
MD
LG