Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:02

Газада ок атуулар үч күнгө токтотулду


ХАМАС кыймылы үстөмдүк кылган Газа тилкесинде 8-июлдан бери Израил армиясы менен палестин согушчандарынын урушу жүрүп жаткан. Гуманитардык элдешүү БУУ жана АКШнын арачылыгы менен жетишилди. Ага карабай израилдик танк аткан снаряддан Газанын түштүгүндө 4 адам өлгөнүн Палестин бийликтери кабарлады.

АКШ Мамкатчысы Жон Керри 1-августта Жаңы Делиде жасаган билдирүүсүндө каршылашкан тараптар урушту биротоло токтотуусу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөнүн белгиледи: ”Бул убактылуу тыныгуу тараптар жана түрдүү топтордун Израил мамлекети менен биргеликте туруктуу элдешүүгө жетишчү, анан маанилүү маселелердин үстүнөн узак убакыт иштөөчү мезгил.

Буга чейинки гуманитардык элдешүү эки жактын ок атууларынан улам бузулган. 8-июлдан бери 1450дөн ашуун палестиналык курман болгонун Газанын бийликтери маалымдашты. Израил тарап 61 жоокерин жана үч жаранын жоготту.

Чабуул шаар-кыштактарды согушчандардын ракетадан аткылоосунан токтотууну көздөгөнүн Израил билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG