Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:50

Бекназаров: Келдибеков эч жакка качпайт


Акматбек Келдибековдун жактоочусу Азимбек Бекназаров анын соттон качып кетүү ниети жок экенин айтты. Анын айтымында, Келдибеков соттон толугу менен акталып чыгарына ишенет жана сот жараянынын эрте бүтүшүнө кызыктар.

- Келдибеков эч убакта качпайт. Эгер качам деген ою болсо буга чейин ооруканадан деле качып кетмек. Ал ден соолугу начар болбосо чет өлкөдөн дарыланууга суранбайт болчу.

Бүгүн Биринчи май райондук соту Келдибековду үй камагына чыгарып, Германияда дарыланууга уруксат берди. Бул чечим анын адвокатынын өтүнүчүнүн негизинде кабыл алынды. Райондук соттун чечимине ылайык, Келдибековдун ден соолугу калыбына келгиче соттук териштирүүлөр убактылуу токтотулду.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, “Ата-Журт” фракциянын депутаты Акматбек Келдибеков коррупция боюнча айыпталып, өткөн жылы ноябрда кармалган. Келдибеков өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG