Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:37

Эксперттер малайзиялык авиалайнер кулап түшкөн жайда иштешүүдө


17-июлда малайзиялык авиалайнер кулап түшкөн жайга 70 эксперт 1-августта эртең менен барып, бир нече жайда иштеп жатышканын Голандиянын Юстиция министрлиги билдирди. Украин армиясы менен козголоңчулар ортосунда айыгышкан согуш жүрүп жаткандыктан эксперттер учак кыйраган аймакка 1-августта өтө албай жатканы мурдараак кабарланган эле.

Австралиялык полиция тобунун командири Брайн МакДональд 31-июлда Донецкиде кабарчыларга эксперттер жайында мүмкүн болушунча көп далил тапканга аракет кылышаарын айткан болчу “Биз учак кыйраган жайда көбүрөөк убакыт өткөрүп, өтө маанилүү ишти мүмкүн болушунча арбын бүткөрүүнү туура көрөбүз. Сиздерге маалым болгондой, ал жерде жагдай татаал. Биз ал жерге жеткен соң, болушунча көп убакыт иштешибиз керек.”

Малайзиялык “Боингде” бардыгы 298 адам болгон. Буга чейин өлгөн адамдардын сөөгү топтолгон 200дөн ашуун табыт Голандияга жөнөтүлгөн. Авиакырсыкта өлгөндөрдүн 193ү нидерланддар болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG