Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

Польшада Варшава көтөрүлүшүнүн 70 жылдыгы белгиленди


1944-жылы августта миңдеген эптеп куралданган варшавалыктар нацисттик Германиянын аскерлерине каршы көтөрүлүш башташкан. 63 күндүк көтөрүлүш учурунда 23 миңден ашуун поляк өлгөн. Алар Советтик армия гитлердик Германиянын аскерлерин сүрүп келаткандыктан, Варшавадан фашисттик күчтөрдү кууп чыгууну көздөгөн. Бирок Советтик армия жапырыгын токтотуп, германиялыктарга күчүн топтоп, көтөрүлүштү басканга мүмкүндүк берген. Көтөрүлүш басылган соң фашисттик аскерлер Варшавага өрт коюп жиберишкен.

Варшава көтөрүлүшүнүн курмандыктарына арналган эстеликке президент Бронислав Коморовски гүл чамбарды койду. Өлкө калкы 1 мүнөт үн чыгарбай маркумдарды эскерди.

Коммунисттик бийлик кезде Варшава көтөрүлүшүн ырасмий эскерүүгө уруксат берилген эмес. Эскерүү аземи 1989-жылдан бери жыл сайын өтөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG