Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:20

Орусияда “Блогерлер жөнүндөгү мыйзам” күчүнө кирди


1-августта Орусияда “Блогерлер жөнүндөгү мыйзам” күчүнө кирди. Президент Путин май айында кол койгон жаңы мыйзамга ылайык, күнүнө үч миңден ашык окуманы бар блоггерлер маалымат каражаттарынын ишин көзөмөлдөөчү "Роскомнадзорго" каттоого туруш керек. Блогер атын ачыкка чыгарып, сайтындагы маалыматтарды жарым жыл сактоого милдеттүү. "Роскомнадзордун" реестринен каттоодон өткөн медиа булак шайлоо өнөктүгүндөгү үгүт иштерин жүргүзүүнүн жобосун сактап, жарандардын жеке жашоосу жөнүндөгү жана экстремисттик материалдарды жайылтпашы керек.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Хьюман Райтс Уоч уюмунун өкүлү Хю Уильямсон бул мыйзамды “Орусиядагы сөз эркиндигине каршы чабуулдун жаңы доору” деп мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG