Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:37

Алжирдеги жер титирөө 6 адамдын өмүрүн алды


Алжирдин түндүгүндө жума күнү жердин катуу силкинишинен 6 адам каза болуп, 420 киши жарат алды.

Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Абелмалик Будиаф мерт кеткендердин экөө жүрөгү кармап, төртөө коркконунан бийик имараттардын терезесинен секирип каза табышканын билдирди.

Сейсмологдордун байкоосу боюнча, силкинүүнүн очогу Булогин шаарынан 19 километр алыстыкта, түндүк-батыш тарапта катталган.

2003-жылы Алжирде ири зилзала болуп, 3000дей адам апаат болгон. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG