Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Айкынов: Кытайлык компанияда иштеген кыргызстандыктардын укугу бузулууда


Акыйкатчынын Баткен облусундагы өкүлү Хаитали Айкынов аймакта иш жүргүзгөн кытайлык “Чайна Роуд” компаниясында эмгектенген кыргызстандыктардын укугу бузулуп жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, компанияда иштеген жергиликтүү жарандар үчүн күнүнө 12 саат, айына 28 күн жумушчу убакыт белгиленген. Мындан тышкары жумушчулар менен эмгек келишими да жасалма экени аныкталган. Кызматкерлер үчүн белгиленген маяна жадыбалда башка сумма менен көрсөтүлүп, колдоруна андан аз акча тийген учурлар болгон.

Айкынов компаниянын бул аракетин социалдык жана салык төлөмдөрүн жашыруу катары баалады.

“Чайна Роуд” компаниясынын өкүлдөрү жумушчулар ишке кирип жатканда бардык шарттарга макулдугун билдирип, келишимге кол коюп, анан жумушка орношорун билдирүүдө. (JsA)

XS
SM
MD
LG