Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:23

Обама: Путиндин аракети мамлекетине зыян алып келет


АКШ президенти Барак Обама 1-август күнү ак үйдө сүйлөп жатып, Вашингтон Орусиянын Украинага байланыштуу саясатын өзгөртүү жаатында бүт аракетин көргөнүн, бирок натыйжа чыкпаганын билдирди. Обама Чыгыш Украинадагы орусиячыл жикчилердин аракетин сындап, батыш киргизип жаткан санкциялар Москвага зыян келтирерин айтты:

- Санкциялар Орусияга зыянын тийгизбей койбойт. Орус президенти өз мамлекетине каршы саясат жүргүзүүдө. Кээде жарандар акыл менен эсептешпей эле түрдүү аракеттерди жасап жибериши мүмкүн.

Мурдарак Кремль Путиндин “Батыш киргизген санкциялардан майнап чыкпайт”,- деген билдирүүсүн тараткан.

Жакында Евробиримдик менен АКШ Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизген. Санкциялар орусиялык банктардын эл аралык каржы базарына кирүүсүн, Европадан курал жана аскерий товарларды сатып алуусун чектейт. (SE)

XS
SM
MD
LG