Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:00

Чек арадагы чыр чыккан жерге бийлик өкүлдөрү кетти


Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр чыккан аймакка Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков жана райондук Ички иштер бөлүмүнүн башчысы Арстан Усанов жөнөп кетти. Тажик тараптан Исфара районунун жетекчилиги келмей болду. Тараптар кырдаалды жеринде талкуулап, маселенин чечүү жолун издешет. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук бийликтен кабарлашты.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, бүгүн эртең менен кыргызстандык дыйкандардын үлүш жерине тажик жарандары келип, эгилген жүгөрү жана башка жемиштерди жыйнай баштаган. Ортодо чыр чыгып, тажиктердин Кожолу айылында тажик жарандары кыргызстандыктар айдап бараткан бир жеңил унаа менен бир жүк машинесинин айнектерин талкалашкан

Тажикстандын бир топ тургундары учурда Кожалы айылынан Ак-Сайга жана Ворух анклавына барчу жолду бууп турушат.

Мал-жандыктар ээлерине кайтарылдыбы-жокпу, азырынча белгисиз. (SE\JsA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG