Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:35

Израил армиясы Газадагы Рафах шаарына сокку урду


Израил армиясы бүгүн эртең менен Газа тилкесиндеги Рафах шаарына абадан сокку урду. Андан 35 адамдын өмүрү кыйылды. Аны менен катар эле ХАМАС согушкерлери уурдап кеткени айтылып жаткан лейтенант Хадар Голдинди издөө иштери улантылды.

Жаатташкан тараптар 1-августта АКШ бийлиги жана БУУнун кийлигишүүсү менен 72 саатка атышууларды токтотуу тууралуу макулдашкан. Бирок көп өтпөй эле ХАМАС согушкерлери ок атып, лейтенантты уурдап кеткени кабарланган.

Бирок ХАМАС жетекчилиги лейтенанттын уурдалганы боюнча маалыматты четке кагууда. Ал арада палестиналык отряд мүчөлөрү да дайынсыз жоголгону тууралуу кабар чыкты. ХАМАС уюму отряддагылар да, лейтенант да мерт кеткенин божомолдоп жатат.

Газа тилкесинде 8-июлдан бери уланып жаткан согушта 1500ден ашуун адам өлдү. Алардын басымдуу бөлүгү палестиналык жайкын тургундар. Арасында мерт кеткен балдар да көп. Ал эми Израил армиясы 61 аскерин, 3 жаранын жоготту. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG