Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31

Баткен: чек арада зыян тарткан дыйкандарга компенсация төлөндү


Тажик тарап эгин талаалары зыянга кабылган кыргызстандык дыйкандарга 10 миң сом төлөп берди. Ошондой эле кыргыз жарандарынын талкаланган унааларын беш күн ичинде оңдоп бермей болушту. Бул тууралуу Баткендеги Ак-Сай айылынын тургундары “Азаттыкка” кабарлашты.

2-август күнү эртең менен Ак-Сай айылына жакын жердеги кыргызстандык дыйкандардын үлүш жерине тажик жарандары келип, эгилген жүгөрү жана башка жемиштерди жыйнай баштаган учурда эки өлкө атуулдарынын ортосунда жаңжал чыккан. Тажиктердин Кожалы айылынын тургундары кыргызстандыктар айдап бараткан бир жеңил унаа менен бир жүк машинесинин айнектерин талкалашкан.

Кыргызстандын Баткен, Тажикстандын Исфара райондорунун акимдери жолугуп, абалды талкуулаган соң тажик тарап зыянды калыбына келтирип берүүгө макул болгон. (SE\JsA)

XS
SM
MD
LG