Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Улуу Үркүндө набыт болгондордун сөөгү Ак-Шыйракта кайра жерге берилди


Ак-Шыйрактагы эстеликке гүл коюу учуру. 02.8.2014.
Ак-Шыйрактагы эстеликке гүл коюу учуру. 02.8.2014.

Ишембиде, 2-августта, Теңир-Тоо койнундагы Ак-Шыйрак кыштагынын жанындагы көрүстөнгө 1916-жылы Улуу Үркүн маалында бул аймактагы ашууларда набыт болгондордун сөөктөрү арууланып кайра коюлуп, куран окулду жана маркумдарга арналып эстелик тургузулду.

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы кыргыз-кытай чек арасына жакын бийик тоолуу айылдагы иш-чарага Кыргыз өкмөтүнүн, Жогорку Кеңештин, ар кыл саясий партиялардын жана коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

Биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев, өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, ЖК депутаттары Өмүрбек Текебаев, Каныбек Иманалиев, коомдук ишмерлер Салмоорбек Дыйканов, Рустам Маманов, Бейшенбек Абдырасаков, тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин ж.б. эскерүү жыйынында чыгып сүйлөштү.

2016-жылы боло турган Кыргызстандагы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн жана ал жеңилген соң башталган Улуу Үркүндүн 100 жылдык мааракесин расмий деңгээлде татыктуу белгилөө, эстеликтер орнотуу, архивдик маалыматтарды тереңдеп иликтөө, эскерүүлөрдү топтоону улантуу, көркөм жана даректүү тасмалар даярдоо, көркөм чыгармалар жаратуу, ж.б. тууралуу ар кыл пикирлер ортого салынды.

XS
SM
MD
LG