Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

БУУ баш катчысы Газа секторунда мектепке сокку урулушун “кылмыш” деп атады


Пан Ги Мун "эл аралык гуманитардык мыйзамды бузгандар" жооп берерин да эскертти. Кеминде он адамдын өмүрүн кыйган бул окуя Израил кургактагы операциясын аяктап жатканын ишара кылган кезде болду.

Улуттар уюмунун Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарында палестин качкындары башпаанектеп жаткан мектеби азыркы жаңжал башталгандан берки 28 күн ичинде үчүнчү ирет сокку жеди.

Жекшемби күнү снаряд мектептин жанына түшкөндө 10 адамдын өмүрү кыйылгандан тышкары кеминде 35 киши жаракат алган.

АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Жен Псаки БУУнун мектебинин аткыланышын "уят" иш катары мүнөздөп, Израилди жайкын тургундарга апаат келтирүүдөн алыс болууга качууга чакырды.

Газа тилкесинде уруш башталгандан бери 1770тен ашуун палестиналыктын, көбүнесе жай тургундардын өмүрү кыйылды.

Аскерий операциясын ХАМАСтын ракеталык чабуулдарынан коргонуу жана жашыруун туннелдерди талкалоо деп түшүндүргөн Израил 64 жоокерин, үч тургунун жоготту. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG