Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:38

Токойлордо өрт чыгуу коркунучу күчөдү


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын айрым аймактарында жайгашкан токойлордо өрт чыгуу коркунучу күчөгөнүн билдирди. Маалыматка ылайык, Лейлек, Базар-Коргон, Аксы, Нарын райондорунун токойлорунда өрт коркунучу жогору. Талас, Токтогул, Жети-Өгүз жана Аламүдүн райондорундагы токойлордо өрт чыгуу ыктымалдуулугу бар.

Адистер тилсиз жоо кургаган чөп жана бутактардан тутанып кетиши мүмкүндүгүн, жарандарга өрт коопсуздугу эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертет. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG