Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

Тажик тарап көктеректиктерге чыгымды төлөп бере элек


Тажик тарап Кыргызстанга үч ай мурдагы жаңжалдын чыгымдарын төлөп бере элек. 7-май күнк чыр учурунда тажик жарандары Көк-Терек айылындагы бир дүкөндү, май куйуучу жайды жана бир жүк машинесин өрттөп жиберишкен. Келтирилген чыгым 7 миллион сом болгону кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрүнүн жолугушуусунда такталган. Тажик расмийлери зыянды төлөөгө убада беришкен. Баткен районунун акиминин орун басары Таалай Ибраимов азырынча ал убада аткарыла электигин “Азаттыкка” билдирди:

- Сүйлөшүүлөр уланып жатат. Төлөнө турган сумма көп болгондуктан, дароо ишке ашкан жок. Күнөөлүүлөр табылган. Жакын арада төлөшөт.

2-август күнү да Ак-Сай айылына жакын жердеги кыргыздарга таандык эгиндерге тажикстандыктар тарабынан зыян келтирилип, коңшулар бул ирет дароо эле 10 миң сом төлөп беришти. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG