Линктер

шаршемби, 26-апрель, 2017 Бишкек убактысы 12:12

Балыкчыда 10 айлык кызын саткан жаран аныкталды


Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарынын К.А. аттуу тургуну быйыл март айында 10 айлык кызын 4000 сомго Кочкор районунун тургунуна саткан. Бул боюнча Балыкчы шаардык прокуратурасы Кылмыш кодексинин "Адам сатуу” беренеси боюнча иш козгоду. Тергөө-иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган жарандын жүргөн жери аныкталды. Учурда бул боюнча тергөө жүрүп жатат.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG