Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:14

“Кудайбергендин" соодагерлери Башкы прокуратурага акцияга чыгышты


Бишкектеги “Кудайберген” базарынын соодагерлери Башкы прокуратуранын имаратынын алдына нааразылык акциясын өткөрүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын уюштуруучуларынын бири Марат Урмамбетов кабарлады. Акцияга чыккан 100дөй адам 1-августта кармалган базардын кесиптик кошунунун төрагасы Нурлан Данияровду бошотууну талап кылышууда. Алар базар жетекчилигинин буйругу менен Данияров негизсиз камакка алынды деп эсептешет.

Нурлан Данияров 1-августта камакка алынган. Ал базардагы боюндагы бар айымга кол көтөргөн деп шектелүүдө.

Кыргызстандагы автоунаа тетиктерин саткан "Кудайберген" базарында июнь айынан бери нааразылыктар токтобой келет. Базарда соода кылган чакан ишкерлер ижара акынын кымбатташына нааразылыгын билдирип, бир нече жолу акция өткөргөн. Соодагерлер базар ээси июнь айынан бери коюлуп жаткан талаптарга маани бербей, тескерисинче каршылык билдиргендерди куугунтуктап жатканын билдиришүүдө. Базардын ээси Эльвира Сурабалдиева болсо соода орундарына баа акыркы жолу 2009-жылы көтөрүлгөнүн айтып, "Кудайбергенде" иштөөнү каалабагандар башка жактан орун издесе болорун билдирип келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG