Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:21

Жыл башынан бери күйүүчү май 11 пайызга кымбаттады


Бул тууралуу Кыргызстандын "Нефтетрейдерлер" ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, күйүүчү майдын баасы жыл башынан 11 пайызга көтөрүлдү. Башкача айтканда, күйүүчү май литрине 4,3 сомго чейин өстү.

Медетбек Керимкулов белгилешинче, бул кымбаттоону Орусиядагы Ачин мунайды кайра иштетүүчү заводундагы жарылуу, Казакстандан 500гө чукул вагон күйүүчү майдын келбей жатышы жана Кыргызстанда бензинге болгон акциз салыгынын жогорулашы шарттады. Ассоциация президенти кошумчалагандай, август айында күйүүчү майга баа 3-7 пайызга көтөрүлөрү күтүлүүдө.

Учурда Кыргызстанда күйүүчү майдын 93 миң тонна запасы бар. Бул бир айлык керектөөгө жетет.

Ошондой эле ассоциация өкүлдөрү күзгү оруп-жыйноо өнөктүгүндө күйүүчү май таңкыстыгы болбойт деп ишендиришти.(BkA)

XS
SM
MD
LG