Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:42

Орусияда кош жарандуулук тууралуу мыйзам күчүнө кирди


4-августтан тарта кош жарандыгы бар орусиялыктар эми сөзсүз түрдө аны эки айдын ичинде ачыктоосу керек. Жаңы мыйзамды бузгандарга 200 миң рублга чейин айып пул салынат же болбосо 400 сааттык коомдук иштерге тартылат.

Мыйзамга 4-июнда президент Владимир Путин кол койгон. Орусиянын Федералдык миграция кызматы бул боюнча ушул күнгө чейин кеңири түшүндүрмө бере элек.

АКШнын Ички иштер департаментинин маалыматына ылайык, 2003-2012- жылдары 80 миңдей орус жарандары америкалык паспорт алган, ошол эле жылдары 200 миңге жакын орусиялыктар АКШда туруктуу жашоого уруксат берген “жашыл карта” – грин-кардды алышкан.

XS
SM
MD
LG