Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Атамбаев Кытайдагы зилзалага байланыштуу көңүл айтты


Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын Юньнань провинциясындагы жер титирөөгө байланыштуу аталган өлкөнүн төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Мамлекет башчысы каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыркагандарга тезирээк сакайып кетишин каалады.

Кытайдын түштүк-батыш ыптасындагы күчтүү зилзаладан бери дегенде 367 кишинин өмүрү кыйылып, 1800дөн ашууну жаракат алды.

XS
SM
MD
LG