Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Тоолуу Карабахта абал чыңалуу бойдон


Баку менен Ереван соңку жаңжалдын тутанышына бири бирин айыптоодо. 4-августта Тоолуу Карабахтын өзүн өзү Коргоо министрлиги атап алган мекеме өкүлдөрү Азербайжан тараптан дагы бир кол салуу болгонун, андан бир азербайжан аскери мерт кеткенин кабарлады.

Өткөн аптада Тоолуу Карабахта болгон кагылышуудан жалпысынан беш адам набыт кеткенин аймак бийликтери маалымдашты.

3-августта Армениянын Коргоо министрлиги Азербайжанды ок атышпоо макулдашуусун 900 жолу бузганын айтып айыптады. Ал арада Баку соңку жаңжалдын башталышына армян жоокерлерин күнөөлөөдө.

Калк жагынан армяндар үстөмдүк кылган Тоолуу Карабах Азербайжандан 1990-жылдардын башындагы согуштан кийин ажырап кеткен. Ошондон бери бул аймактын саясий келечеги боюнча армяндар менен азербайжандар эки башка көз карашты карманып келишет.

XS
SM
MD
LG